Наргиза Айтемирова - Ырдап берейин

  • 9 yıl önce
Жашыл шибер жайлоо жакка келейин,
Жалын жаштык жыпар гүлүн терейин.
"Карындаш" деп балдай ширин сөз айткан,
Кара каштуу байкелерге, чачы кара байкелерге,
Көзү кара байкелерге ырдап берейин.

Кайырма:
Аркалыкпы, Ош бекен?
Бойдок бекен, бош бекен?
Мендей сулуу кыздарга,
Көңүлү же кош бекен?
Ак сүйүүгө зар бекен?
Ичи кенен, тар бекен?
Мени салып ойнотор арабасы бар бекен?

Ала-Тоонун мүрөк суусун кечейин,
Көркөмүнөн жан кумарын сезейин.
Гүлүн сунуп, жолум тосуп сөз айткан,
Көңүлгө зар мырзаларга, сезими бар мырзаларга,
Сүйүүгө зар мырзаларга ырдап берейин.

Category

🎵
Music

Önerilen